Кыргыз окуучулары Малайзияда 5 алтын медалга ээ болушту

Кыргызстандагы "Себат" билим берүү мекемеси.

Кыргызстандык 5 окуучу Малайзияда өткөн эл аралык жаш ойлоп табуучулар олимпиадасында 5 алтын, 6 күмүш жана 13 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинен кабарлашты.

Ойлоп табуучулар сынагы 1-3-апрель аралыгында Малайзиянын Пенанг шаарында өтүп, ага 12 өлкөдөн келген мектеп окуучулары катышкан.

Малайзиянын билим берүү министрлиги уюштурган бул сынакка жалпы 216 долбоор катышса, анын 24ү кыргыз окуучуларына таандык.(UEz)