Минск тобу Тоолуу Карабак көйгөйүн талкуулайт

Тоолуу Карабактагы армян аскери.

Азербайжан жана Армения ортосунда жайгашкан Тоолуу Карабак аймагындагы кырдаалга байланыштуу 5-апрелде Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Минск тобу сүйлөшүү өткөрөт. Жыйын Венада уюштурулат. Аталган топтун курамында АКШ, Орусия жана Франция өкүлдөрү бар.

Дүйшөмбү күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул маселени АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен телефондо талкуулаган. Алар Тоолуу Карабактагы окуяларга олуттуу кабатыр экенин белгилеп, аскерий аракеттерди тез арада токтотуу маселесин талкуулашкан.

Тоолуу Карабакта 2-апрелге караган түнү азери аскерлери менен этникалык армяндардын жикчилдер тобу кагылышып, эки тараптан 30дан ашуун адам өлгөн. Жарадар болгондор 200дөн ашуун экени айтылууда. Тараптар окуянын чыгышына бири-бирин күнөөлөп келет.

Ал арада эгер аймакта кеңири аскерий аракеттер күч алса, Армения Тоолуу Карабактын көз карандысыздыгын таанууга даяр экенин президент Серж Саркисян билдирди.