Кыргыз армиясы дүйнө рейтингинде 110-орунда

Кыргыз армиясынын жоокерлери 9-май - Жеңиш майрамында уюштурулган парадда. 2015-жыл, Бишкек.

Global Firepower аскердик-аналитикалык порталы дүйнөнүн 126 мамлекетинин армиясы боюнча рейтинг жарыялады. Анда Кыргызстан 110-орунду ээлейт.

Уюмдун эсеби боюнча кыргыз армиясында жалпысынан 150 танк, 438 бронетранспортер, 159 оор техникасы жана 21 аскерий учак бар,

2015-жылкы изилдөөдө Кыргызстан 78-тепкичте болчу.

Быйылкы жаңы рейтингдин биринчи орунунда АКШ, экинчи тепкичте Орусия, үчүнчүдө Кытай турат.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 48, Казакстан 53, Түркмөнстан 86, Тажикстан 112-орунду ээлеген. (SE)