Сариев өз ыктыяры менен кызматтан кетерин айтты

Темир Сариев эл менен

Бул тууралуу ал бүгүнкү өкмөттүн кезексиз жыйынында кабарлады. Өкмөт башчы кызматтан кетүү тууралуу арызын президент Алмазбек Атамбаевге жазганын айтып:

- Биздин өкмөт иштеп жатканда Жогорку Кеңеш эки жолу ишибизди канааттандыраарлык деп баалады. Мен президенттин колдоосун сезип келдим. Биз бардык мамлекеттик органдар менен бирге иштеше алдык, - деп билдирди.

Сариев ошондой эле өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, бизнести колдоо менен өлкө өнүгүүгө бет аларын кошумчалап, аткара албай калган иштери үчүн элден кечирим сурады. (SDz)