АКШнын мамкатчысы Хиросима мемориалына тарыхый сапар жасады

Жон Керри жана "Чоң жетинин" тышкы иштер министрлери Хиросимадагы мемориалга гүлчамбар койду. 11-апрель, 2016-жыл.

Мамлекеттик катчы Жон Керри Жапониянын дүйнөдө биринчи атомдук бомбага кабылган шаары - Хиросимадагы Тынчтык мемориал паркына жана музейине барган америкалык расмий өкүлдөрдүн эң жогорку даражалуусу болду.

- Бул согуш учурундагы тандоонун өтө татаалдыгын, согуш адамдарды, жамааттарды, өлкөлөрдү, дүйнөнү эмне кыларын эске салып турат, - деди Жон Керри Хиросимадагы пресс-конференцияда сүйлөгөндө.

Ал жердеги Тынчтык мемориал паркына жана музейине АКШ мамлекеттик катчысы менен бирге Жапония, Британия, Франция, Италия, Канада, Германиянын тышкы иштер министрлери да барды.

11-апрелде Хиросимада "Чоң жетинин" тышкы саясий мекеме башчыларынын жыйыны өтүп, анын соңунда кабыл алынган билдирүүдө мүчө өлкөлөр дүйнөнү өзөктүк куралдан арылтуу милдеттенмесин дагы бир жолу ырасташты.

АКШ 1945-жылдын 6-августунда Хиросимага кубаты 15 килотонналык атомдук бомба таштаганда 80 миңдей кишинин өмүрү кыйылган. Мындан үч күндөн кийин атомдук бомба Нагасакиге ташталып, ал Экинчи Дүйнөлүк согуштун тезирээк аякташына түрткү болгон. (UE)