Бийликтер азыр Индиянын түштүгүндөгү Керала штатындагы Puttingal Devi храм комплексин башкарган уюмдун жетекчилерин издеп жатат.
Аталган храмда 10-апрель күнү фейерверк атуудан башталган жарылуулар жана өрттөн кеминде 110 адамдын өмүрү кыйылып, 380ден ашууну жаракат алды.
Фейерверктен улам храмдын имараты кыйрап, адамдар чачыраган сыныктардан да жаракат алышкан. (UE)