Кыргызстанга Араб эмирлигинин энергетика министри келет

Экономика министрлигинен кабарлагандай, эртең 13-апрелде өлкөгө Бириккен Араб эмирлигинен инвестициялык делегациянын келиши күтүлүүдө. Делегацияны аталган өлкөнүн энергетика министрлиги Сухаиль Мухаммад Аль-Мазруи жетектейт.

Араб ишкерлери Кыргызстандын ишкерлери менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, айыл чарба, гипермаркеттерди куруу, энергетика, телекоммуникация тармагын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

14-апрелде тараптар Кыргызстан-БАЭ алкагында экономкалык форум өткөрүшмөкчү. Делегациянын иш сапары 15-апрелде аяктайт. (SDz)