Балыкчыдагы «Кербен» базары өрттөндү

Балыкчы

Балыкчы шаарындагы «Кербен» базарынан өрт чыгып, павильондор өрттөндү. Өрт кечээ, 11-апрелде саат 22:00 чамасында чыкканы маалымдалган.

Маалыматтарга ылайык, эски базардагы өрт кийим саткан тараптан тутанып, катардан беш павильон өрттөнгөн. Өрт азык-түлүк саткан катарга жетип, ал жактагы павильондорду да жалмап кеткен.

ӨКМден билдиргендей, өрт түндө башталгандан улам, адамдар жабыркаган эмес. Ушул тапта тилсиз жоонун келип чыгуу себептери иликтенип жатат. (AsM)