Өзбекстанда мамлекеттик башкаруу органдар парламент көзөмөлүнө өттү

Өзбекстанда мындан ары мамлекеттик бийлик органдарын парламент көзөмөлдөйт. Аткаминерлердин мыйзамдарга баш ийүүсүн текшерүү укугу депутаттарга берилди. Президент Ислам Каримов мыйзамга 11-апрелде кол койду. Бирок, мыйзамга ылайык, “ыкчам иликтөө мекемелеринин материалдарын” эл өкүлдөрү көзөмөлгө ала албайт.

Дүйшөмбүдө кол коюлган мыйзам 12-апрелде расмий басылмаларга жарыяланып, ошол күнү күчүнө кирди.