Өзгөндө жер титиреди

Кечээ кечинде Кыргызстанда болгон жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Саат 19:23тө  Өзгөн шаарынан 6 чакырым түндүк-батышты көздөй аймакта жер силкинип, күчү 3 баллга жетти.  

Жердин титиреши Өзгөндүн өзүндө жана Шералы айылында 2,5-3 балл, Шоро-Башатта 2,5 болуп сезилди. (RK)