Ноокендин Сары-Камыш айылына алгачкы электр жарыгы жеткирилди

Жалал-Абаддын Ноокен районунун Сары-Камыш айылына алгачкы жолу электр линиясы тартылып, жарык жеткирилди. Бул тууралуу райондук администрациядан "Азаттыкка" билдиришти.

Маалыматка караганда Ош-Бишкек жолунун Таш-Көмүр участогунан 15 чакырымдай узактыкта тоо арасында жайгашкан бул айылга 46 жылдан соң гана электр барды. Буга чейин айылдагы 200 түтүн чырак менен күн кечирип келген.

Республикалык бюджеттен 7 млн сом каралып, тоо башына мамыларды орнотуп, электр зымын тартууну мамлекеттик курулуш ишканасы колго алып, ага жергиликтүү тургундар кол кабыш кылды.

Облус аймагында азыр эки айыл жарыксыз олтурат. Алар - Аксы районуна караштуу Кызыл-Бейит жана Базар-Коргон районунун Жаз-Кечүү айылдары. (RsK)