Улуттар Уюму Ооганстанда ушул жылдын биринчи кварталында 600 карапайым адам каза таап, бул 2015-жылдын алгачкы үч айына салыштырмалуу 13% аз экенин билдирет.
17-апрелде БУУнун Ооганстандагы миссиясы жарыялаган маалыматта ошол эле маалда ар кандай жараат алган адамдардын саны 11% өскөнү айтылат.
Баяндама эл көп жашаган аймактарда аскерий операциялардын күчөшүнөн улам жараат алган балдардын саны 29%, ал эми аялдардын саны 5% өскөнүн көрсөтөт.
Жарадарлардын 60% өкмөткө каршы топтордун колунан жабыркаса, коопсуздук күчтөрү дагы миномет, граната сыяктуу массалык жок кылуучу курал-жарак колдонгону белгиленет.