ӨКМ: Бөлмөдө камалып калган наристелер боюнча бир күндө үч кайрылуу болду

Бишкек шаарында кечээ наристе балдары жабык бөлмөдө камалып калып, куткаруучуларга кайрылган үч окуя катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 8-кичи райондо ванна бөлмөсүнүн эшигин ачып, ичиндеги 2 жаштагы баланы чыгарып беришкен.

Асанбай кичи районунда 3 жаштагы бала камалып калган.

Свердлов районунун Буденный көчөсүндөгү №46 үйдүн ажатканасынын жабылып калган эшигин ачып беришкен. Ичинде 4 жаштагы бала болгон. (RK)