Жалал-Абад: сел турак жайларды каптады

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Сузак районундагы Кара-Жыгач, Барпы айылдарында 15ке чукул үйдүн короо-сарайларын, бакчаларын суу каптады. Боз-Чычкан айылында көпүрөнү суу алып, №85 “Ынтымак” мектебине зыян келтирди. Ал эми Ала-Бука районундагы Өрүктү, Биринчи май айылдарында селден жолдор, көпүрөлөр жана суу түтүктөрү жабыркады. Ала-Бука району боюнча келтирилген болжолдуу чыгым 887 000 сомду түзгөн. Сузактагы келтирилген чыгымдар эсептелүүдө. Азыр жергиликтүү тургундар жана адистер тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. (NT)