Кыргызстанда 18-апрелдеги селдин кесепеттеринен кийинки абал жалпысынан турукташып калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаал министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Бирок, анын айтымында, жаан-чачынга байланыштуу кооптуу абал 24-апрелге чейин сакталат:
- Чүйдө өзгөчө кырдаал жарыяланган. Ал алына элек, бирок неизги коркунуч жоюлду. Дарыялар ташкындап кетүү коркунучу жок. Ал эми Ошто, Жалал-Абадда бүгүн министр Кубатбек Боронов абал менен жеринен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды берди.
Нөшөр жаандын айынан пайда болгон сел Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жол, турак жайларды каптады, Ошто 20 бодо малды агызып кетти. Адам өмүрүнө зыян тийген жок. (RK)