Өкмөттү өкчөмөй өнөкөтү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү кыргыз өкмөтүнүн кол каптай тез алмашуусунун себептерин иликтеди. Кыргызстанда 25 жылда 28 премьер-министр алмашты. Аларды көбү жемкорлук чуусунан улам кызматынан ажырашкан, бирок бири да кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Арасында саясий оюндардын курмандыгы болгондор да жок эмес.