"Ата-Бейитте" Үркүнгө арналган эстелик орнотулат

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-апрелде «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин аймагында курула турган 1916-жылдагы окуялардын учурунда курман болгондорго арналган эстелик долбоорунун авторлорун кабыл алды.

Долбоорлор менен таанышып чыгып Атамбаев аларга ыраазычылык билдирди жана жүз миңдеген адамдын өмүрү кыйылган 1916-жылдагы окуялар өлкө тарыхындагы маанилүү учурлардын бири экенин баса белгиледи.

Мемориалдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ачык конкурстун жыйынтыгында скульптор Сааданбек Ажиев менен архитектор Улан Бейшенбаевдин чыгармачыл тобу жеңип чыккан. (RK)