Кочкордогу күйгөн суу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кочкор районундагы Ара-Көл айылында жерден чыккан суу кадимкидей күйөт. Окумуштуулар газдалган суунун курамында күкүрт бар экенин айтышат. Жергиликтүүлөрдүн маалыматы боюнча күйгөн суу СССР убагында 80 метр тереңдиктен казылган. Оргуштап чыккан сууга от коюп чай кайнатып, тамак бышырса да болот. Сууну дары үчүн ичкендер да бар.