Аткезчилик менен келе жаткан эки тоннадан ашык темир колго түшүрүлдү

Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен аймагы

Чек ара кызматынан маалымдашкандай, 30-апрель күнү Баткен облусунун Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери Тажикстандан Кыргызстанга келе жаткан жүктү токтотушкан. Текшерүнүн жыйынтыгында тажик жараны аткезчилик жол менен чек арадан 2,5 тонна темирди алып өтүүгө аракет кылганы аныкталды. Кармалган жаранга мамлекеттик чек араны бузганы үчүн айыппул салынды. Анын жүгү тийиштүү документтер толтурулган соң, Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.(AzK)