Түркия: парламент комитети депутаттарды иммунитеттен ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Мыйзам долбоору парламенттен толук өтүш үчүн 550 депутаттын үчтөн эки бөлүгү колдоп, кеминде 363 добуш жыйнашы зарыл.

Түркия парламентинин комитети депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу боюнча АК партия сунуштаган мыйзам долбоорун жактырды.

Депутаттарды кылмыш жоопкерчилигинен коргогон кол тийбестиктен ажыратуу Түркиянын Конституциясына өзгөртүү киргизүүнү талап кылат. Байкоочулардын баамында, бул кадам күрттөрдүн таламын талашкан депутаттарды терроризм боюнча айыптап, кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол ачышы мүмкүн.

Комитет мыйзам долбоорун жактырган соң парламентте мушташ чыгып, депутаттар бири-бирине суунун бөтөлкөлөрүн ыргытышты. Күртчүл партиянын депутаттары бул окуядан кийин жыйындар залынан чыгып кетти.

Бул маселе президент Режеп Тайып Эрдоган күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партияны күрт козголоңчулардын тыюу салынган топторунун куралы болуп жатат деп айыптагандан кийин көтөрүлгөн.

Мыйзам долбоору парламенттен толук өтүш үчүн 550 депутаттын үчтөн эки бөлүгү колдоп, кеминде 363 добуш жыйнашы зарыл.