Нарында китеп жармаңкеси өтүп жатат

Китептер.

Жармаңке Нарын облустук китепканасында өтүүдө. Иш-чараны уюштурган мамлекеттик китеп палатасынын жетекчиси Койчуман Момункуловдун айтуусунда, жармаңкелер башка аймактарда да өткөрүлгөн. Кезек Нарын облусуна келди.

- Бүгүн Нарында болсок, эртең Ат-Башыга баралы деп атабыз. Жыл аягына чейин бул китеп көргөзмө менен өлкөнүн бардык аймактарында болобуз. Биздин максат - алыскы аймактарга китеп маданиятын жеткирүү, таанытуу, - дейт Момункулов.

Жармаңкеге 1000ден ашуун адабий китеп коюлган. Алардан тышкары бул жерде Үркүндүн 100 жылдыгы жана Жусуп Баласыгындын 1000 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулган. (MiK)