Кара-Көл: аскер бөлүктөгү мушташтан бир жоокер каза болду

Улуттук гвардиянын Кара-Көл шаарындагы 718-бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер каза тапты. 4-майдын кечинде аскер бөлүктөгү мушташтан эки жоокер бейтапканага түшкөнүн Кара-Көл шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Тоту Эшалиева “Азаттыкка” ырастады. Анын билдирүүсүндө, жоокерлердин бири ооруканага жетпей үзүлгөн.

Соттук-экспертиза жүргүзүүчү адистер келе электигине байланыштуу сөөгү моргдо сакталууда. Ал эми экинчи жоокерди аскер бөлүктүн командирлери оор жарааты жоктугуна байланыштуу алып кетишкен. Каза болгон жоокер 1997-жылы туулган Алай районунун тургуну экени жана былтыр күздөн бери милдетин өтөп жүргөнү айтылууда.

Бул боюнча Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы менен Улуттук гвардиядан маалымат алууга мүмкүндүк болгон жок. (RsK)