Нарында жер силкинди

Нарын.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, Нарын районунда түнкү саат 2лерге чукул күчү 4 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Очогу Нарын районундагы Ак-Талаа айылынан 20 чакырым жерде болгон. Жер титирөөнүн күчү Нарын шаарында 3,0 балл болуп сезилди.

Алдын-ала маалымат боюнча, адам өмүрүнө зыян келген жок жана кыйроолор катталган жок.(BkA)