Бишкектеги дүйнө балдарынын фестивалы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте балдардын 14-эл аралык тил жана маданият фестивалы уланып жатат. Бүгүн Кожомкул атындагы Спорт ордосунда башка өлкөдөн келген конокторго арналып концерттик программа жана сүрөт көргөзмө өттү. Эл аралык тил жана маданият боюнча фестиваль “Себат” билим берүү мекемесинин уюштуруусунда Кыргызстанда экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Буга чейин ал АКШ, Бельгия, Казакстан, Германия, Түркия, Голландия сыяктуу өлкөлөрдө өтүп келген. Бишкекте 2-майда башталган фестиваль 8-майда жыйынтыкталат.