Грозныйда согушкерлер алты полиция кызматкерин жарадар кылды

Грозный шаары

Чеченстан баш калаасы Грозный шаарында 9-май күнү эртең менен согушкерлердин кол салуусунан полициянын алты кызматкери жараланды. Чеченстандын Ички иштер министрлиги алардын үчөөнүн абалы оор экенин билдирди.

Маалыматтарга караганда, граната менен куралданган жоочулар Грозный четиндеги көзөмөл-өткөрүү пунктуна чабуул жасашкан. Ал жерде Башкыртстандан келген полиция отрядынын өкүлдөрү кызмат өтөп жаткан эле. Жоочулардын бири полиция аткан октон мерт кетип, экинчиси өзүн жардырганын “Интерфакс” кабарлады.