Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун маалымат катчысы болуп Мирлан Токталиев дайындалды. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты. Мирлан Токталиев Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын катчылыгында иштеп келген.
Мирлан Токталиев “Азаттык” радиосунда көп жыл кабарчы болуп эмгектенген.