Абактан чыккан Нариман Түлеев маалымат жыйын уюштурат

Нариман Түлеев.

Өткөн жумада абактан бошотулган Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев журналисттер үчүн маалымат жыйынын уюштурат. Анда абактан бошотулушунун жагдайлары тууралуу маалымат бермекчи.

2012-жылдын 21-июнунан бери камакта отурган Нариман Түлеев 7-майда эркиндикке чыгарылган. Аны Бишкектин Ленин райондук соту 2013-жылы июлда 11 жылга эркинен ажыраткан.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Нариман Түлеевге карата эки ирет мунапыc колдонулганын жана мамлекетке келтирилге 60 миллион сомдук чыгымды толук төлөп бергенин билдирген. Буга байланыштуу Түлеевди жаза мөөнөтү аягына чыккан.

Нариман Түлеевге Бишкектин мэри кезинде Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке 33 миллион сомго жакын зыян келтирген деп айып тагылган. Мындан тышкары таштанды ташуучу унаа сатып алууда мыйзам бузган жана шаардагы бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатып жиберген деп айыпталган болчу.(BkA)