10 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык аял Орусияда кармалды

Азербайжанда абакта отурган аял. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок

Орус чек арачылары 10 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык аялды Москва-Алматы багытындагы поезде баратканда чек ара көзөмөлүнөн колго түшүрүшкөн.

Маалыматка караганда, 61 жаштагы аял 2006-жылдын март айында башкалар менен чогуу жасаган шылуундук иши үчүн эл аралык издөөгө алынган.

Ал полиция кызматкерлерине Кыргызстанга экстрадициялоо үчүн өткөрүлүп берилди. (AzK)