"Элдик парламент" уюмунун митингин Ала-Тоо аянтында өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин Биринчи Май райондук акимиаты "Элдик парламент" уюмунун 17-майга пландалган митингин Ала-Тоо аянтында өткөрүүгө уруксат берүүдөн баш тартты. Мындай чечим аталган уюмдун башчыларына карата кылмыш иш козголгонуна байланыштуу кабыл алынганын бүгүн мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 7-майда уюмдун өкүлдөрү Болоткан Кумаров менен Александр Гусевден "Ала-Тоо" аянтында 17-майда 50 миң адам катыша турган митинг өтөрү жөнүндө билдирүү түшкөн.

Шаардыктардын коопсуздугун камсыз кылуу, тургундардын тиричилигин, транспорт кыймылын үзгүлтүксүз тейлөө максатында митингди "Ак-Кула" ат майданында же Жеңиш аянтында, же болбосо Ата-Түрк паркында өткөрүү сунушталды.

12-майда УКМК аталган кыймылдын лидерлерине карата "бийликти күч менен басып алуу", "бийлик өкүлүнө күч колдонууга даярдык көрүү" деген беренелердин негизинде кылмыш иш козгогон.

13-майда Биринчи Май райондук администрациясы шаардыктардын тынчтыгын коргоо максатында Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүүгө тыюу салды. (RK)