Черногория НАТОго кошулуу үчүн протоколго кол койду

Черногория

19-майда Черногория менен НАТО өлкөнүн альянска кошулуусу боюнча протоколго кол коюшту. Бул балкан өлкөсүнүн НАТОнун 29-мүчөсү болушуна жол ачат.

НАТОнун башка 28 мүчөсү протоколду ратификацияламайын Черногория жыйындарга байкоочу катары катышат.

Черногория премьер-министри Мило Жуканович альянска 2017-жылдын орто ченинен толук кандуу мүчө болуп кирерине үмүттөнүүдө.

Орусия болсо буга каршы. Расмий Москва НАТО чыгыш тарапка, орус чегине жакын жылып келатканына тынчсыздануусун билдирип, тиешелүү жообун берерин эскертип келет.