ӨКМ: “Лейлек” базарындагы өрттөн 5000 чарчы метр аянт күйүп кетти

Исфанадагы ири базардагы өрт кырсыгынын кесепети

Түндө Баткендин Исфана шаарынын борбордук “Лейлек” базарында өрт чыгып, болжол менен жалпы 5 миң чарчы метрдей аянт күйүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин соңку маалыматына караганда, 53 соода дүкөнү, 2 жабык соода түйүнү жана 15 ашкана күйгөн.

Адам өмүрүнө зыян тийген жок.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен базардын аймагынан 2 соода борбору, 64 соода түйүнү, 10 дүкөн, 6 ашкана жана “Мегаком” уюлдук операторуна караштуу 1 офис сакталып калган.

Учурда чыгымдын жалпы баасы эсептелүүдө.

Айрым маалыматтарга караганда, күйгөн базар Лейлек райондук керек жарак коомунун балансында турат. Коомдун акционерлери бар.

Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз. (JsA)