Орусияда ИМге үндөгөн тажик жарандары кармалды

Сирияда согушуп жүргөн казак жихадчылары

Сирияга барууга үндөгөн деген шек менен Тажикстандын эки жараны кармалганы кабарланды. Тергөө комитетинин Санкт-Петербургдагы бөлүмү эки шектүү жаран соттун чечимин менен эки айга камалганын 23-майда билдирди. Алар өткөн жумада диний адабият жана башка материалдар менен кармалган.

Орусиянын бийлиги мурдагы СССР республикаларынан беш миңдей адам Сирия жана Ирактагы согушка катышып жатканын маалымдаган. (AiT)