Абдыманап Муратов Билим берүү жана илим министринин орун басары- Илим департаментинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жаңы дайындалган орун басар илим тармагын өнүктүрүү маселелерин көзөмөлдөйт.
Муратов буга чейин өкмөт аппаратында, Саламаттыкты сактоо министрлигинде эмгектенген.(BkA)