Кыргызгидрометеорология агенттигинин билдирүүсүндө, 26-майда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29;
Баткенде түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21;
Нарын обусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте 26-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13...15, күндүз 26...28 градус жогору болот.