11-классты 62 миңден ашык бүтүрүүчү аяктоодо

Бүтүрүүчүлөр.

Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева "Азаттыкка" билдиргендей, быйыл 62 миңден ашык окуучу 11-классты, 93 миң бала 9-классты аяктап жатат. 

Бүгүн мектептерде акыркы коңгуроо салтанаттары өтүп жатат.

Сариева бул жылы кышкы эс алуулардын узарып кеткендигине байланыштуу, акыркы коңгуроо 27-майга белгиленгенин, кийинки жылдан тарта мурдагыдай эле 25-майда өтөрүн маалымдады. (NT)