“Басмачынын балдары деген шылдыңдан эгемендик куткарды”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кеңеш өкмөтүнүн куугунтугуна кабылып, Кытай, Пакистан, Ооган мамлекеттерине баш калкалап кеткен кыргыздын көрүнүктүү инсандарынын бири Жаныбек Казы Сагынбай уулу жөнүндө тарыхый драманы жакында Жалал-Абад облустук театры көрүүчүлөргө тартуулады. 1869-жылы Өзгөн районунда туулуп, 1933-жылы Пакистанда көзү өткөн тарыхый инсан Жаныбек казыны чөбөрөсү Алмаз Зулпукаров эскерди.