Талас: 16 жаштагы баланын өлүмүнүн себеби иликтенүүдө

26-май күнү Көпүрө-Базар айылында көчөдөн өспүрүм баланын жансыз денеси табылган. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, маркумдун өздүгү аныкталып, ал ушул эле айылдын 16 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, бул кайгылуу окуяга эки баланын күрөшө кеткени себеп болгон. Балдардын бири экинчисин көтөрүп жерге чапканда ал каза болуп калган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. (SS)