Патрулдук милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт

Кымыз.

Кыргызстанда 1-июндан тартып жол кайгуул милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. Патрулдук кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов “Азаттыкка” билдиргендей, күчөтүлгөн тартип туристтик мезгилге байланыштуу киргизилүүдө. 1-июндан тартып Кыргызстандагы туристтер көп бара турган каттамдарга жол кайгуул кызматкерлеринен посттор коюлат.

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон 7-майда ачылган. Быйыл тоо туризмине кызыккан чет элдиктердин саны да көбөйүп жатканын Маданият маалымат жана туризм министрлиги билдирди. (NT)