“Центерра Голд” эл аралык арбитражга кайрыларын эскертти

Кумтөр

Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы эгер Кыргызстанда сот адилет чечим кабыл албаса, эл аралык Гаага сотуна кайрыларын билдирди. Бул тууралуу аталган компаниянын 30-майда тараткан маалыматында айтылат.

25-майда Бишкектин район аралык соту Кумтөр кенин иштетүүдө экологиялык эрежелер сакталбаган деп таап, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын доосун канааттандырган. Аталган компанияны 6,7 миллиард сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Центерра Голд” компаниясы бул чечимге макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна, андан кийин Жогорку Сотко доо арыз жолдой турганын жарыялады. (NT)