УКМКнын 9-кызматынын башчысы дайындалды

Кыргызстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имараты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын башчысы болуп Дамир Мусакеев дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

9-кызмат өлкөдөгү стратегиялык объекттердин жана өлкө жетекчилеринин коопсуздугуна жооп берет.

Аталган кызматтын буга чейинки жетекчиси Болот Сүйүнбаев УКМКнын жетекчи орун басарлыгына дайындалган.(BkA)