EgyptAir учагынын кара кутусунан чыккан сигнал аныкталды

Кырсыкка кабылган EgyptAir компаниясынын учагы, 19-май, 2016

Иликтөөчүлөр өткөн айда Жер ортолук деңизинде кыйраган EgyptAir учагынын кара кутусунан чыккан сигнал кармалганын билдиришти.

Сигналды француздардын моряктары үн кармаган атайын жабдыктан жардамы аркылуу аныкташканын Франциянын авиациялык коопсуздук кызматы 1-июнда кабарлады. Кара кутуну суу түбүнөн алып чыгуу үчүн кеминде бир апта керек.

Кутуда 19-майда 66 киши салган Парижден Каирге сапар алып бараткан А320 учагы эмне себептен кырсыкка кабылганын камтыган маанилүү маалымат болушу мүмкүн.

Учактын калдыктары Египеттеги Александрия шаарынан 290 чакырым жерде деңизде табылган.