Кыргызстандын футболчулары ФИФА рейтингинде 11 тепкичке төмөндөдү

Кыргыз-тажик футболчуларынын мелдеши. 8-октябрь, 2015-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 11 орунга төмөн түштү. Бул тууралуу ФИФА сайтында жарыяланган рейтингде белгилүү болду. Өткөн эки айда кыргызстандык команда 100-орунду ээлеген эле. Бул жолку төмөндөө курама команданын расмий беттештерге катышпаганы менен түшүндүрүлүүдө.

7-июнда Кыргызстандын курама командасы ирандык футболчулар менен беттешери күтүлүүдө.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын ФИФА рейтингинде 100-катардан орун алышы кыргыз футболунун тарыхындагы эң мыкты көрсөткүч болуп саналган.

 Алдыңкы беш мыкты улуттук курама командалардын көч башын Аргентина, Бельгия, Чили, Колумбия жана Германия өлкөлөрү жетектейт.(BkA)