Орозонун качан башталары бүгүн кечинде так анык болот

Кыргызстандагы жаңы курулуп жаткан мечит

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек ажы Токтомушев "Азаттыкка" билдиргендей, орозо айынын качан башталары 5-июндун кечинде айдын чыгышына карап аныкталат. Ал бул боюнча КТРК, ЭлТР каналдары аркылуу элге маалымдаларын кошумчалады. Диниятчылар буга чейин орозо 6-июнда башталарын божомолдоп, бирок бир күнгө айырмаланышы мүмкүн экенин эскеришкен.

Орозо кармоо ислам дининдеги негизги беш парздын бири. (SE)