Бишкекке Молдованын премьер-министри Павел Филип келди. Аны “Манас” аэропортунан биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев тосуп калды.
Филип Көз карандысыз өлкөлөрдүн шериктештик уюмунун өкмөт башчыларынын саммитине катышат.
Буга чейин Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев келген.
7-июнда Бишкекте КМШ уюмунун саммити башталат. Жыйынга катышуу үчүн Беларус, Казакстан, Тажикстандын премьер-министрлери жана Азербайжан, Армения, Өзбекстан, Түркмөнстандан вице-премьер-министрлер келери күтүлүүдө. Кыргызстандагы Украина элчиси да чакырылган.
Саммитте кызматташуу боюнча 22 документ каралып, 7 келишимге кол коюлат.(BkA)