Бүгүн Иран жана Кыргызстан футболчулары беттешет

Кыргыз футболунун көрөрмандары.

Бүгүн Ирандын Кереж шаарында футбол боюнча Кыргызстан жана Иран курама командалары жолдоштук беттеш өткөрүшөт. Кыргызстан Футбол федерациясынан билдиришкендей, беттеш “Энгелаб” стадионунда болот. Беттешке омандык ФИФА рефериси Махмуд Ал-Мажрафи калыстык кылат. Ага Рашид ал Гайити жана Хамед ал Гафри жардам беришет.