Жарылуудан жабыркагандарга жардам чогултулууда

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз боюнча кеңешчиси Елена Баялинованын «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, кечээ Бишкекте болгон жарылуудан денеси күйүп калган жарандар үчүн керектүү дары-дармекке каражат топтоло башталды.

Бишкектеги Coffee аттуу кофеканаларда жарадар болгондорго акчалай жардам чогулууда. Баялинова ошондой эле Фейсбуктагы жеке баракчасына жабыркагандардын жана аларга керектүү дарылардын тизмесин да чыгарды. (BCh)