Тель-Авив Орозо айында палестиндиктерге Израилге кирүүсүнө тыюу салды

Израиль аскерлери Газа тилкесиндеги Ятта кыштагында, 9-июнь, 2016-жыл.

Бийликтин чечиминен кийин Газа тилкесиндеги жана Иордан дарыясынын жээгинде отурукташкан 80 мин ашуун палестиндиктер Израилдеги туугандарына каттай алышпайт. Иерусалимдеги диний жөрөлгөлөргө катышууга жана Тель-Авив аэропорту аркылуу учууга мүмкүнчүлүгү болбойт.

Палестиндиктерге гуманитардык жана медициналык максатта гана кирип-чыгууга уруксат берилет. Тель-Авив мындай чараларды шаршемби күнкү атышуулардан кийин киргизди. Кечээ баш калаада эки палестиналык ок чыгарып, андан төрт адам мерт кеткен. Дагы он алты адам ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алган. (AiT)