Бишкек-Жалал-Абад аба каттамы ишке киришет

Жалал-Абад абамайданы.

Бүгүндөн тарта Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багытындагы аба каттамы аткарыла баштайт. “Манас” эл аралык аэропорту тараткан маалыматка ылайык, British Aerospace-140-200 үлгүсүндөгү учак бир жумада эки ирет – дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү каттап турат.

Бишкек-Жалал-Абад каттамы 2015-жылдын декабрында уча баштап, үч айга жетпей кайра токтоп калган. Жалал-Абад шаарындагы абамайданы талапка жооп бербейт жана жүргүнчү аз деген жүйө менен бул каттам мурда да бир канча жолу ишке киришип, кайра токтоп келген. (NT)