Бишкекте Кыргызстан - Израил кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Израилдин Тышкы иштер министрликтеринин алгачкы саясий жолугушуусу өттү. Кыргыз делегациясын министрдин орун басары Азамат Үсөнов, Израилдикин ТИМ башчысынын орун басары Цви Рав-Нэр жетектеди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы жана келечеги талкууланып, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы мамилени бекемдөө тууралуу сөз болду.

Ошону менен катар эки жакка тең маанилүү аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу жүрдү. (RK)