Коомдук каналдын байкоочу кеңешинин жетекчиси алмашты

КТРК.

Байкоочу кеңештин 14-июндагы кезексиз жыйынында Жылдыз Бакашева көпчүлүк добуш менен төрайым болуп шайланды. Буга чейинки төрага Абды Сатаров байкоочу кеңешке мүчө болуп калды.

Коомдук каналдын Байкоочу кеңеши 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин түзүлгөн. 12 адамдан турган кеңештин курамына мүчөлөрдү президент, парламент жана коомдук уюмдар көрсөтөт. Байкоочу кеңеш каналдын бейтарап, журналистиканын стандарттарынын негизинде иш алып барышын көзөмөлдөйт. (NT)